Чүй облусунун аймагында рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, балык уулоо эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология, техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен тыюу салынган синтетикалык балык уулоочу торлорду жана электр балык уулоочу жабдыктарды колдонуу учурлары аныкталган.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө төмөндөгү жабдыктар алынган:
- жалпы узундугу 500 метр болгон синтетикалык балык уулоочу торлор;
- электр балык уулоочу жабдык.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 4 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы 36 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Чүй облусунун аймагында балык уулоо жана аңчылык эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар улантылууда.