Ошто Сүрөттүү-Таш айылындагы 500 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Новость

Бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда Ош шаарындагы Сүрөттүү-Таш айылында жайгашкан №60 жалпы билим берүү мектеби ачылды.

500 окуучуга ылайыкталган жаңы мектепте окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу билим алуу шарттары түзүлүп, окуу класстары, спорт залы, ашкана жана башка зарыл бөлмөлөр каралган. Имаратта заманбап инженердик системалар колдонулуп, окуу класстары ысык жана муздак суу, жаңы эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар менен камсыздалган.

Белгилей кетсек, мектептин курулушу 2026-жылдын апрель айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Объект Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды.