Курулуш министрлиги: Бир күндө 17 мектеп, 3 бала бакча пайдаланууга берилди
Новость

Бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге мектептин курулушу жана анда түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Ал эми республика боюнча дагы 19 социалдык объект онлайн форматта ачылды. Алардын ичинде 17 мектеп жана 3 бала бакча бар.

1. Бишкек, Ак-Ордо конушу — 750 орундуу жаңы мектеп

2. Бишкек, №42 мектеп — 385 орундуу жаңы корпус

3. Бишкек, №79 мектеп — 570 орундуу жаңы корпус

4. Бишкек, Кашка-Баш айылы — 750 орундуу жаңы мектеп

5. Бишкек, Өскөн-Ордо конушу — 750 орундуу жаңы мектеп

6. Бишкек, Көк-Жар айылы — 750 орундуу жаңы мектеп

7. Бишкек, №83 жаңы мектеп — 1200 орундуу жаңы мектеп

8. Бишкек, №32 мектеп — 250 орундуу жаңы корпус

9. Бишкек, Дордой конушу, №94 мектеп — 750 орундуу жаңы корпус

10. Бишкек, Калыс-Ордо конушу, №86 мектеп — 940 орундуу жаңы корпус 

11. Ош шаары, С. Алымкулов атындагы №33 мектеп — 312 орундуу жаңы корпус

12. Ош шаары, Сүрөттүү-Таш айылы — 500 орундуу жаңы мектеп

13. Манас шаары — 375 орундуу жаңы мектеп

14. Манас шаары, Б. Осмонов атындагы №5 мектеп — 375 орундуу жаңы корпус

15. Манас шаары, Ж. Болотов атындагы №21 мектеп — 375 орундуу жаңы корпус

16. Ноокен району, Кудук-Сай айылы — 50 орундуу бала бакча

17. Ноокен району, Сары-Сыя айылы, №22 мектеп — 275 орундуу жаңы корпус 

18. Ош облусу, Алай району, Жаңы-Алай айылы — 120 орундуу бала бакча

19. Талас облусу, Айтматов району, Чымкент айылы — 120 орундуу бала бакча

20. Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кара-Талаа айылы, Б. Алаков атындагы мектеп — 275 орундуу кошумча корпус. 

Мектептерде заманбап инженердик жана конструктивдик чечимдер колдонулуп, жылытуу, желдетүү, суу жана электр системалары толук камсыздалган. Окуу класстарында ысык жана муздак суу, заманбап эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар орнотулган. Ошондой эле мектептерде күн панелдери, лифттер, спорт залдары, медициналык жана стоматологиялык кабинеттер, лабораториялык жана компьютердик класстар каралып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлгөн.

Жаңы мектептер менен бала бакчалар кут болсун! Балдарыбыз заманбап, ыңгайлуу шарттарда билим алып, тарбиялансын. Жыл аягына чейин дагы жаңы билим берүү объекттилери колдонууга берилет.