6-октябрда “Манас” эл аралык аэропортунда XX Азия оюндарында ийгилик жараткан Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курама командасын салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү.
Спортчуларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу тосуп алды.
Эске салсак, жиу-житсу боюнча Абдурахман Муртазалиев 85 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло медалга ээ болгон.




