2026-жылдын 6-октябрында "Учур" жаштар театры 26-жаңы чыгармачылык сезонун В. Л. Гуркиндин белгилүү "Сүйүү жана көгүчкөндөр" пьесасынын негизинде сахналаштырылган "Чиркин өмүр" комедиясы менен ачты.
Спектаклдин ачылышына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Искусство башкармалыгынын начальниги Акжол Доранбек уулу катышты. Спектаклде үй-бүлөлүк мамилелер, сүйүү, ишеним жана адамдык баалуулуктар юмор аркылуу чагылдырылып, каармандардын кызыктуу окуялары жана күтүүсүз жагдайлары көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады. Чыгармада чыныгы сүйүүнүн, кечиримдүүлүктүн жана үй-бүлөлүк ынтымактын мааниси даңазаланат.
"Чиркин өмүр" спектакли Кыргыз Республикасынын эл артисти Уланмырза Карыпбаев жетектеген чыгармачыл топ тарабынан даярдалган. Спектакль буга чейин бир катар театр фестивалдарына жана сынактарга катышып, жогорку бааларга татыган жана бир катар сыйлыктарга ээ болгон.
Театр күйөрмандарынын жылуу кабыл алуусуна ээ болгон чыгарма жаңы сезондун ачылышында да көрүүчүлөргө тартууланып, театр залында жагымдуу маанай жаратты.












