Таластын Айтматов районундагы Ак-Башат айылында "Талас Органик" заманбап агрокомплекси расмий ачылды.
320 миллион сомдук инвестициянын эсебинен курулган комплекс органикалык продукцияны өстүрүүдөн тартып, сактоо, сорттоо, таңгактоо жана сатууга даярдоого чейинки толук циклди камтыйт.
Агрокомплекске 300 гектар органикалык талаа, 1500 тоннага чейин продукция сактоочу климаттык кампалар, сорттоо-таңгактоо борбору жана агролаборатория кирет.
Бул Талас облусунда эл аралык органикалык сертификат алган биринчи толук циклдүү агрокомплекс. Долбоордун алкагында 20–30 туруктуу, ал эми түшүм жыйноо маалында 200гө чейин сезондук жумуш ордун түзүү пландалууда.
Келечекте айдоо аянтын 500 гектарга чейин кеңейтүү жана продукцияны Казакстан, Россия жана Европа өлкөлөрүнө экспорттоо каралган.






