Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө онлайн режимде Кочкор районунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплекси да ачылды.
Мамлекет башчысы учурда республиканын бардык аймактарында курулуш иштери активдүү жүрүп жатканын баса белгиледи. Ошол эле учурда калктын жашоо шарттарын жакшыртууга жана анын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган чаралар ырааттуу ишке ашырылып жатат. Бүгүн Нарын шаарында биринчи жолу 216 батирлүү заманбап турак жай комплекси, ал эми Кочкор районунда 217 батирлүү турак жай комплекси пайдаланууга берилет.
Белгиленгендей, турак жай комплекстеринде бардык зарыл шарттар каралган: балдар үчүн оюн аянтчалары, эс алуу жайлары, спорт аянтчалары, кеңсе бөлмөлөрү, унаа токтотуучу жайлар жана башка объектилер.


















