Ош шаарында окуучулар үчүн атайын автобустар каттамга чыкты
Новость

 Ош шаарында алгачкы атайын балдар автобустары мектептен алыс жайгашкан аймактардагы окуучулар үчүн каттамга чыкты.

Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобуска отуруп, анын шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Автобустар окуучулар үчүн коопсуздук талаптарына ылайыкташып, ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана зарыл шарттар менен жабдылган.

Алдыда мындай автобустардын саны дагы көбөйтүлөт.