Бишкек шаарындагы Шопоков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 22 кабаттуу бизнес-борбордун курулуш аянтында инженердик-геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Изилдөө иштеринин жүрүшүндө адистер тарабынан 25–30 метр тереңдикке чейин бургулоо иштери жүргүзүлүп, топурактын талаа шартындагы физикалык-механикалык касиеттери изилденди.
Ошондой эле топурактын көтөрүмдүүлүгүн жана туруштук берүү жөндөмүн аныктоо максатында штамптык сыноо жүргүзүлдү. Сыноо учурунда атайын жабдуу топурактын бетине орнотулуп, ага баскыч-баскычы менен жүк берилет жана топурактын отурушу өлчөнөт.
Аталган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы топурактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен имараттын пайдубалын жана негизин эсептөөдө, ошондой эле долбоордук чечимдерди иштеп чыгууда колдонулат.
Жүргүзүлгөн иштер имараттын конструкцияларынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.