Баткенде жаш өспүрүмдөр арасында баңгизатты колдонуунун жана ага байланыштуу кылмыштарга тартылуунун алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда иш-чара Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ишке ашырылды. Анын алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Б. Нарматов атындагы жана Чек айылындагы орто мектептердин, Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин, Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылындагы О. Абдрахманов атындагы орто мектебинин, Лейлек районунун Раззаков шаарындагы А. Навои, Исфана жана Ю. Гагарин атындагы орто мектептердин окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Окуучуларга «Баңгизаттын ден соолукка жана өмүргө зыяндуулугу», «Баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн көрүлүүчү чаралар», «Аптекалык наркомания» темаларында лекциялар өткөрүлүп, кеңири маалымат берилди.
Жалпысынан иш-чараларга 1400дөн ашуун окуучу катышты.



