Урмат Асанбаев Азербайжандын мини-футбол федерациясынын делегациясы менен жолугушту
Новость

Бүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев Азербайжандын Мини-футбол федерациясынын президенти, “Зиря” футбол клубунун Байкоочу кеңешинин төрагасы Орхан Маммадов баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Урмат Асанбаев конокторду жылуу кабыл алып, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достук мамилелерди, анын ичинде дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар мини-футболду өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын, ошондой эле Кыргызстанда бул спорттун түрүн өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Азербайжан тарап Кыргызстанда мини-футболду өнүктүрүүгө практикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, атап айтканда, мини-футбол аянтчаларын куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу балдарды жана жаштарды спорт менен машыгууга тартууга, таланттуу спортчуларды аныктоого жана оюнчуларды даярдоонун туруктуу системасын түзүүгө кошумча шарттарды түзөт.
Жолугушууда кыргызстандык мини-футболду эл аралык аренада өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Азербайжандын Мини-футбол федерациясынын өкүлдөрү Кыргызстанга эл аралык аренада өз позициясын бекемдөөгө, анын ичинде Азия жана дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерге жана лигаларга катышууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда мини-футболду кеңири жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.