Эрлист Акунбеков Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук диалогдо сөз сүйлөдү
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук диалогдо сөз сүйлөдү. 

Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков климаттык туруктуулук жана жаратылышты коргоо улуттук өнүктүрүү саясатынын бир бөлүгү экенин айтып, маселен мөңгүлөр суу ресурстарын аныктоого, суу айыл чарба жана энергетика тармактарынын дараметин аныктоого, ал эми жер менен жайыттардын абалы азык-түлүк коопсуздугун жана айылдагы үй-бүлөлөрдүн кирешесин аныктаарын билдирди.

“Кыргызстандын тоолуу өлкө макамы өзгөчө мааниге ээ. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстан тоолуу аймактарга байланыштуу эл аралык күн тартибин ырааттуу түрдө алга жылдырып келе жатат. БУУнун Башкы Ассамблеясы 2023–2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялаган. Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт. Тоолуу өлкөлөрдүн үнү салмактуу болуп, конкреттүү сунуштар менен коштолушу биз үчүн маанилүү. Кыргызстан климат, мөңгүлөр, суу, биологиялык ар түрдүүлүк, азык-түлүк коопсуздугу жана туруктуу өнүгүү маселелерин тоолуу аймактарга байланыштуу күн тартибинин алкагында айкалыштыра алат”, - деди МинКаб Төрагасынын орун басары. 

Ал ошондой эле, жакынкы арада эл аралык коомчулук Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү конвенциянын Тараптар конференциясына катышуу үчүн Ереванга, андан соң БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндөгү алкактуу конвенциясынын Тараптар конференциясына катышуу үчүн Антальяга чогулаарын билдирди. Анда Кыргызстан бул форумдарга өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын так түшүнүү жана конкреттүү сунуштар менен барышы керектигин, бүгүнкү диалогдун практикалык мааниси дал ушунда экенин кошумчалады. 

Белгилей кетсек, иш-чара Климат жана жаратылыш боюнча улуттук жумалыкты жыйынтыкталышына жана Климат жана биологиялык ар түрдүүлүк маселелери боюнча эл аралык конференцияларга карата Кыргыз Республикасынын позициясын даярдоо этабына байланыштуу өткөрүлдү.