Казакстандык автор Мырзахан Жумахан эл аралык Astana AI Film Festival AI-кинофестивалында "Эң мыкты каармандар" (Best Character) номинациясын жеңип алды. Эл аралык калыстар тобу анын "It Was Just a Joke" ("Бул жөн гана тамаша болчу") комедиясын жогору баалашкан. Сюжет боюнча жөнөкөй эле тамаша олуттуу тирешүүгө айланып кетет. Бул тууралуу Kazinform агенттиги жазды.
Жеңүүчүлөр 3-октябрда Астанада жарыяланды. Сынакка 125 өлкөдөн 8 067 арыз түшүп, финалдык программага 25 эмгек кирген. Алардын арасында жасалма интеллекттин жардамы менен тартылган Мырзахан Жумахандын тасмасы да бар.
Тасмада ит менен анын ээсинин бир тууганы тууралуу баяндалат. Баары жөнөкөй тамашадан башталып, бирок чыр-чатак бара-бара күчөп, чыныгы согушка айланат.
"Менин тасмам комедия жанрында. Ал ит менен ээсинин бир тууганы жөнөкөй тамаша үчүн уруша кетип, аягында бул чыныгы согушка айланганы тууралуу баяндайт", - дейт Мырзахан Жумахан.
Автордун айтымында, ал жеңил комедия тартууну каалаган. Тасмадагы окуя анын мүнөзүн жана тамашалашууну жакшы көрөрүн чагылдырат.
Тасма казакстандык авторго Best Character - "Эң мыкты каармандар" сыйлыгын алып келди. Фестивалда жалпысынан беш атайын номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды: каармандар, окуя, визуалдык тил, режиссура жана концепция. Бул программадагы башка сыйлыктарды Кытай, Италия жана АКШдан келген авторлор алышты.
Эмгеги комедия жанрында болгонуна карабастан, Жумахан атаандаштыктан улам абдан кабатыр болгонун жашырган жок. Финалда жасалма интеллектти колдонууда ар кандай идеялары, стилдери жана ыкмалары бар авторлор чогулушкан.
"Чынында, атаандаштыктан улам абдан толкундандым, анткени бул жерде абдан таланттуу жана күчтүү жигиттер абдан көп болчу. Бардык катышуучулар чоң жумуш жасап, өз тасмаларына көп убакыт коротушкан, ошондуктан, менин оюмча, алардын ар бири татыктуу атаандаш болчу", - деди Жумахан.
Катышуучулардын эмгегин эл аралык маданияттын, киноиндустриянын жана технологигиялык бизнестин өкүлдөрү баалашты. Калыстар тобунун курамына төмөнкүлөр кирди:
- Одри Азуле - ЮНЕСКОнун мурдагы башкы директору жана Франциянын мурдагы маданият министри;
- Ма Пин - China Film Group жасалма интеллектти изилдөө институтунун деканы;
- Ван Хао - Пекин киноакадемиясынын анимация факультетинин декан орун басары;
- Баладжи Сринивасан- ишкер жана инвестор;
- Ли Лонг — BytePlus компаниясынын Жакынкы Чыгыш, Африка, Индия, Түркия жана КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык башкы менеджери.
Ошентип, Жумахандын комедиясы маданий саясат, кинобилим берүү, жасалма интеллект жана инвестиция тармагындагы тажрыйбаны бириктирген калыстар тобунун таанылуусуна ээ болду. Фестивалдын уюштуруучулары белгилегендей, AI-кинодогу эң башкы нерсе — авторлор жаңы шаймандардын жардамы менен ишке ашырган идеялар.
"Бүгүнкү күндө AI-кинодогу эң кызыктуу нерсе - бул технологиянын өзү эмес, авторлор анын жардамы менен эмне кыла баштаганы. Фестивалдын алкагында биз адаттан тыш визуалдык көрүнүштөн баштап, окуяларды баяндоонун жаңы ыкмаларына чейинки абдан күчтүү жана бири-бирине окшошпогон эмгектерди көрдүк", - дейт фестивалдын негиздөөчүсү жана AAIFF креативдүү директору Айзат Кусаинов.
Биринчи Astana AI Film Festival 1-октябрдан 3-октябрга чейин AI Month алкагында өттү. Сынак программасынан тышкары, ал авторлордун жана креативдүү индустрия өкүлдөрүнүн катышуусунда ишкердик жолугушууларды жана панелдик талкууларды камтыды. Финалчылардын эмгектери 2-жана 3-октябрда кинотеатрдын чоң экранында көрсөтүлдү. Фестивалдын жалпы фонду 2 млн долларды түздү. Мунун 1 млн доллары жеңүүчүлөрдү сыйлоого бөлүнсө, дагы 1 млн доллары келечектүү AI-командаларга инвестиция салууга жана Казакстанда өндүрүштү өнүктүрүүгө каралган.
Мырзахан Жумахандын жеңиши казакстандык авторлордун эл аралык сынакка катышуусунун жыйынтыктарынын бири болуп калды. Анын жеңил комедия катары пландалган окуясы миңдеген өтүнмөлөрдүн арасынан тандоодон өтүп, жаратуучусуна эң мыкты каармандар үчүн сыйлык алып келди.