Манас шаарындагы Кыргыз Республикасы көчөсү 108 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдүн курулуш аянтында топурактан үлгүлөр алынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликке караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистер тарабынан жеринде талаа шартындагы сыноолор жүргүзүлүп, лабораториялык изилдөө үчүн топурактан үлгүлөр алынды.
Алынган үлгүлөр лабораториялык шартта изилденип, топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталат. Изилдөөнүн жыйынтыктары топурактын инженердик-геологиялык мүнөздөмөлөрүн баалоодо жана курулуш иштерин мындан ары жүргүзүүдө эске алынат.