Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасында жаңы терапия бөлүмү ачылды
Новость

7-октябрда №1 шаардык клиникалык ооруканасында жаңы терапия бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бөлүмдүн курулушу жана жабдылышы "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. 

Жаңы корпус оорукананын терапиялык профилдеги бейтаптарды диагностикалоо, дарылоо жана медициналык көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Жалпы аянты 1 530 чарчы метрди түзгөн төрт кабаттуу корпус бөлүмдүн толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон медициналык бөлмөлөр, жабдуулар жана инфраструктура менен камсыздалган. Долбоордун жалпы сметалык наркы 80 млн сомду түздү.

Имараттын жер төлө кабатында гематология, биохимия жана ИФА багыттары боюнча лаборатория, кир жуучу жай жана техникалык бөлмөлөр, ошондой эле тамактануу, сактоо, кир жуу, үтүктөө жана кирлерди кургатуу үчүн бөлмөлөр жайгашкан.