Талас облусунун жарандык коргонуу комиссиясынын күз-кыш мезгилинде өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү маселеси боюнча жыйыны өткөрүлдү. Жыйын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн жетекчилиги алдында өтүп, анда күз-кыш мезгилин коопсуз өткөрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелер каралды.
Отурумдун жүрүшүндө алыскы жайлоолордо жайгашкан малчылардын кыштоолорго өз убагында жана коопсуз көчүп келүүсүн камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Суусамыр–Талас–Тараз автожолунун Өтмөк ашуусунда жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу, жолдордо өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ыкчам чара көрүү маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү жарандык коргонуу кызматтарына, жергиликтүү мамлекеттик органдарга жана жооптуу мекемелерге кырсыктардын алдын алуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүү боюнча тапшырмалар берилди.


