Жогорку Кеңештин депутаттары ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышууда
Новость

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев жана “Ала-Тоо” депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров 7-9-октябрь күндөрү Андорра-Ла-Велья шаарында өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА ) 24-күзгү сессиясына катышууда. 

Иш-чаралардан алкагында “Ала-Тоо” депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров парламенттер аралык кызматташтык, инклюзивдүүлүк жана санариптештирүү доорундагы коопсуздук маселелери боюнча баяндама жасады. 

Өз баяндамасында депутат Кыргызстандын тажрыйбасына токтолуп, санариптештирүү калктын реалдуу турмуш шарттарын, анын ичинде алыскы айылдардын тургундарынын муктаждыктарын эске алууга тийиш экенин кошумчалады. Ошол эле учурда санариптик платформаларды өнүктүрүү менен катар калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, аялдардын, карылардын жана жаштардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү кадам экендиги айтылды.

Белгилей кетсек, ЕККУ ПАга 57 мүчө мамлекеттен 300дөн ашуун парламентарийлер кирет.

Ассамблея парламенттер аралык өз ара аракеттенүү, шайлоолорго байкоо жүргүзүү, ошондой эле демократия менен адам укуктарынын принциптерин илгерилетүү үчүн динамикалуу форум катары кызмат кылат. Андан тышкары, парламенттик дипломатия механизмдери аркылуу кагылышуулардын алдын алууга, кризистерди жеңүүгө жана бүткүл ЕККУ мейкиндигинде узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылууга багытталган жалпы чечимдерди иштеп чыгууга жигердүү салым кошуп келет.

838219669_2246590365915423_3822169758956001592_n.jfif 233.87 KB