Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды.
Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен бирге Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышты.
Лидерлерге Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын даамдары, улуттук кийимдери жана музыкалык чыгармалары тартууланды.