9-октябрда Чүй облусунун 100 жылдыгына карата эл аралык айтыш өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан уюштурулууда.
Айтыш Чүй өрөөнүнүн тарыхый жана маданий мурасын даңазалоо максатын көздөйт. Ага Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген таланттуу төкмө акындар катышып, кыргыздын салттуу сөз өнөрүн тартуулашат.
Сынак Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 18:00дө башталат. Кирүү акысыз.