Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Москва райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте автотранспорт каражаттарын пайдаланууда экологиялык талаптардын бузулушун аныктоо максатында рейддик иш-чараларды өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу көлөмү белгиленген ченемдерден ашкан транспорт каражаттарын пайдалануу фактылары аныкталды.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, жалпы суммасы 68 000 сомду түзгөн 7 административдик протокол түзүлдү.
Көзөмөл иш-чаралары экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылууга, зыяндуу заттардын ашыкча бөлүнүп чыгышына жол бербөөгө жана атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга багытталган.