УКМК: Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкери товарды туура эмес декларациялоого шектелип кармалды
Новость

9-октябрда УКМК Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын кызматкеринин кармалышы тууралуу маалымат таратты. 

Ага ылайык, 1995-жылы туулган Д.М. аттуу Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелүүдө.

Инспектор "кара металл" деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөргөн. Мындан тышкары, жүктү бажылык тариздөө учурунда Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) туура эмес коду колдонулган. Натыйжада, бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү бажы төлөмдөрү түшпөй калып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.