10-октябрда Бишкекте дрон учурууга тыюу салынат
Новость

2026-жылдын 10-октябрында Чүй облусунун 100 жылдыгына карата Бишкектеги Ала-Тоо жана Эски аянттардын үстүндө дрон учурууга тыюу салынат.

Чектөө эртең мененки саат 08:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин күчүндө болот.

Бул чара майрамдык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. Көрсөтүлгөн аймактарда уруксатсыз учурулган учкучсуз аппараттар бөгөттөлүп, тиешелүү техника Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык алынат.