Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы балык тоютун өндүрүүчү ишканалар боюнча маалымат жарыялады
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев  9-октябрда фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жарыялады.

Анда 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 5 500 тонна балык тоюту өндүрүлгөнү жазылган. 

“Өлкөбүздөгү «Тянь-Шань форель», «Салих ЛТД», «Био Жем» жана «Аква Вин» ишканаларынын жалпы жылдык кубаттуулугу 67-73 миң тоннаны түзөт. 

«Тянь-Шань форелден» башка үч ишканадан 80-90дой балык чарбасы тоют сатып алып, жалпы инвестиция 15,83 млн долларды түзгөн. 

Аталган ишканаларда жалпысы 120 адам жумуш менен камсыз болгон.

Ишканалар боюнча негизги көрсөткүчтөргө келсек, «Тянь-Шань форель» ишканасынын жылдык кубаттуулугу 30 миң тонна болсо, 2026-жылдын 9 айында өндүрүшү 1 500 тоннаны түзгөн. 

Бул ишкана орто эсеп менен 18-25 балык чарбасына тоют саткан. Инвестициясы 6,83 млн долларды, жумуш орду 40–60ты түзгөн. 

«Салих ЛТД» ишканасынын кубаттуулугу 4–5 миң тоннаны, өндүрүшү 2 100 тоннаны түзөт. Бул ишкана 31 чарбага тоют саткан. Анын инвестициясы 5,00 млн долларды, жумуш орду 30ду түзгөн. 

«Био Жем» ишканасынын кубаттуулугу 30–35 миң тоннаны, өндүрүшү 1 300 тоннаны түзүп, орто эсеп менен 37–40 чарбага тоют саткан. Инвестициясы 4,00 млн долларды, жумуш орду 25–30ду түзгөн. 

«Аква Вин» ишканасынын кубаттуулугу 3 миң тоннаны, өндүрүшү 600 тоннаны түзгөн. 

Ошентип, жалпы төрт ишкананын кубаттуулугу 67–73 миң тоннаны, өндүрүшү болсо 5 500 тоннаны түзгөн. 

Орто эсеп менен 86–96 балык чарбасын  тоют менен камсыз кылышкан. Жалпы инвестициясы 15,83 млн доллар.

Тоюттун курамына келе турган болсок, анын 25% жергиликтүү кошулмалардан турат. Ага жүгөрү жана жүгөрү белогу, буудай уну, крахмал, минералдык кошулмалар кирет. 

Калган 75% импорттолгон кошулмалардан турат. Ага балык уну, соя майы жана шроту, астаксантин, амин кислоталары, премикстер кирет.

Жыйынтыктап айтканда, жергиликтүү өндүрүш 2022-жылдагы 590 тоннадан 2026-жылдын 9 айында 5 500 тоннага чейин өскөн. 

Импорт 2022–2023-жылдары эң жогорку чекке жетип, 12,5–12,9 миң тоннаны түзгөн. Экспорттун 75% форель тоюту түзөт.

Жергиликтүү жана сырттан келген балык тоюттарынан проба алып, Алматыга экспертизага жиберип, жыйынтыгын алдык. Эч кандай айырма аныкталган жок. Сапаты бирдей болуп чыкты. 

Өзүбүздөн чыккан жемдин сапаты начар деген жалган шылтоону токтоткула. 

Өзүбүздө өндүрүлгөн балык жеми өлкөдөгү чарбалардын муктаждыктарын толук жапкандан сырткары, экспортко чыгарууга да жетет.

Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойлу. Бизде “өндүрүш жок” дегендер четтен чыгат. 

Өндүрүш жолго коюлуп иштеп баштаса аны баса калып, каралашат.

Анан кантип өнүгүү болот? 

5-6 импорт жем ташыган жеке компаниялардын кызыкчылыктарынан жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы ар дайым жогору турушу керек! 

Мындан ары импорт болбойт. Балык өндүрүүчүлөр ата мекендик тоютту алыңыздар”,- деп жазылат билдирүүдө.