Адылбек Касымалиев Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган көргөзмөгө барды
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу маданий-көргөзмө иш-чарасына катышты. 

Мааракелик иш-чаранын алкагында Чүй облусунун экономикалык, маданий жана социалдык жетишкендиктери  чагылдырылды.

Мааракенин расмий ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери, коомдук ишмерлер, чет өлкөлүк меймандар жана борбор калаанын тургундары катышууда.

Иш-чаранын программасы төмөнкү негизги багыттарды камтыйт.

Облуска караштуу бардык райондордон, шаарлардан жана облустук структуралардан атайын боз үйлөр тигилип, кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлүк үлгүлөрү жана улуттук тамак-аштар меймандарга тартууланууда.

Чүй облусунда иштеп жаткан ири ишканалардын, өндүрүш ишканаларынын продукциялары көргөзмөгө коюлуп, аймактын экономикалык потенциалы көрсөтүлүүдө.

Чүй облусунун жаштары тарабынан даярдалган инновациялык долбоорлор жана жаш ойлоп табуучулардын эмгектери көпчүлүктүн сынына коюлууда.

Облуста ынтымакта жашаган ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү өздөрүнүн маданиятын, салт-санаасын жана кол өнөрчүлүгүн көргөзмө аркылуу көрсөтүшүүдө.

Мааракенин урматына өзгөчө белек катары узундугу 120 метрди түзгөн улуттук даам — чучук даярдалып, келген конокторго тартууланууда.

Майрамдык салтанат ар тараптуу оюн-зоокторго, балдар үчүн көңүл ачуучу аянтчаларга жана республиканын таанымал маданий квзматкерлери катышкан чоң концерттик программага уланууда.

Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган бул маданий иш-чара аймактын тарыхын урматтоого, достукту жана биримдикти бекемдөөгө багытталган.