Президенттин катышуусунда Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» борбордук аянтында Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чаранын алкагында Чүй облусунун калыптанышынын жана өнүгүүсүнүн бир кылымдык тарыхына, анын көрүнүктүү инсандарына жана аймактын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына кошкон салымына арналган театралдаштырылган көрсөтүү коюлду.

 

Чогулган коноктор көркөм образдар аркылуу маанилүү тарыхый окуялар, маданий салттар жана облустун тургундарынын жетишкендиктери чагылдырылган тарых менен таанышты.

 

Андан соң майрамдык иш-чара кыргыз эстрада аткаруучулары катышкан концерттик программа менен уланды.