Президент Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, эки күндүк иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен таанышат.