Президент Садыр Жапаров Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун жашоочулары жана активи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөдө экономикалык өнүгүүнүн бекем пайдубалы түптөлүп, социалдык-маданий турмуштун бардык багыттарында масштабдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын канааттануу менен белгиледи. Темир жол транспорту жана энергетика тармактарында ири долбоорлор этап-этабы менен ишке ашырылууда. 

Ушуга байланыштуу мамлекеттин алдында жетишилген натыйжаларды ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугун жакшыртууга багыттоо, Кыргызстандын алдыдагы ондогон жылдарга туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана келечек муундар үчүн күчтүү мамлекет куруу милдети турат.