Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын эли менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда жарандарды түйшөлткөн актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер, ошондой эле аймактарды өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, жаңы спорттук жана билим берүү объектилерин ачуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери каралды.
Эки сааттан ашык убакыттын ичинде жарандар Мамлекет башчысына коомдук мааниге ээ актуалдуу маселелер жана жеке көйгөйлөрү боюнча түз кайрылууга мүмкүнчүлүк алышты.
Ошондой эле калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, транспорттук-логистикалык системаны өркүндөтүү, жолдорду куруу, турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана башка актуалдуу социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча суроолор көтөрүлдү.
Мамлекет башчысы бардык деңгээлдеги жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүү, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана белгиленген пландардын аткарылышына туруктуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Мамлекеттик бийлик органдарынын жарандар үчүн ачык жана жеткиликтүү болушуна өзгөчө көңүл бурулду.
Президент Садыр Жапаров жарандардын ар бир кайрылуусу кылдат каралып гана тим болбостон, белгиленген мөөнөттөрдө конкреттүү чечимдер чыгарылышы керектигин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн көйгөйлөрдү мыйзамдардын талаптарын так сактоо менен чечүү боюнча чараларды көрүүнү, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону, ошондой эле калктын жашоо шартын жакшыртуу боюнча иштерди улантууну тапшырды.