Ысык-Көлдө рейд учурунда 4 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 кг таштанды чыгарылды
Новость

2026-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 Жарлыгын аткаруу максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө көлдүн акваториясынан 4 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды.

Мындай торлор суудагы жаныбарлар дүйнөсүнө, анын ичинде балыктардын популяциясына олуттуу зыян келтирип, көлдүн экосистемасына терс таасирин тийгизет.

Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, суу ресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү багытындагы рейддик иш-чаралар улантылууда.