Жаратылыш ресурстары министрлиги: Жыл башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды
Новость

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайын жоюу боюнча иштер жүргүзүлдү. Учурда республиканын аймагында таштандыларды жайгаштыруучу 230 иштеп жаткан жай бар. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда эң көп көрсөткүч Ысык-Көл облусунда катталды. Буга чейин иштеп келген 51 таштанды жайынын 35и жоюлду. Натыйжада аймакта таштандыларды жайгаштыруучу 16 жай калды.

Андан кийинки орундарда Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын жана Талас облустары турат. Бул аймактарда да мыйзамсыз таштанды жайларынын санын кыскартуу жана аймактардын санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Талас облусунда жыл башынан бери мурда иштеп келген 31 таштанды жайынын бирөө жоюлду. Учурда аймакта таштандыларды жайгаштыруучу 30 жай калды.

Ошол эле учурда Талас облусунун Бакай-Ата районунда жаңы таштанды полигонун куруу иштери жүрүп жатат. Объект пайдаланууга берилсе, Бакай-Ата жана Талас райондорундагы иштеп жаткан таштанды жайларынын саны кошумча 9га кыскарат.

Мыйзамсыз таштанды жайларын жоюу жана калдыктарды башкаруу инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштер экологиялык абалды жакшыртууга, калктуу конуштардын санитардык коопсуздугун камсыздоого жана айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алууга багытталган.

Министрлик калдыктарды башкаруу системасын өркүндөтүү жана таштандыларды мыйзамсыз жайгаштыруучу жайлардын санын кыскартуу боюнча иштерди улантып жатканын билдирди.