Араван районунда Караван - Төө-Моюн унаа жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүүдө
Новость

Ош облусунун Араван районундагы Караван – Төө-Моюн автожолунда оңдоо иштери жүрүүдө. Жалпы узундугу 28 километрди түзгөн автожолдун 7 километрине асфальт төшөө пландалган. Учурда аталган тилкеде жер жумуштары толук аяктап, асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жеринде жумуштарды аткарууга 3 жолду түздөөчү техника, 1 асфальт төшөөчү техника, 1 автогрейдер, 2 суу ташуучу унаа, 40 автосамосвал жана 10 кызматкер тартылган. Автожолду оңдоо иштери аймактагы транспорттук каттамдарды жакшыртууга жана жол кыймылынын ыңгайлуулугун камсыздоого багытталган. Белгилей кетсек, белгиленген автожолдогу жумуштар №44 Жол тейлөө мекемеси тарабынан аткарылууда.