Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен ачык диалог өткөрдү
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анын жүрүшүндө тургундар Мамлекет башчысына жеке кайрылууларына жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу өздөрүн түйшөлткөн суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо объектилерин капиталдык оңдоодон өткөрүү, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тургундар турак жай менен камсыз кылуу, жер тилкелерин бөлүп берүү, жолдорду куруу жана оңдоо, ошондой эле чечүүнү талап кылган башка актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча зарыл чараларды көрүүнү, тургундардын кайрылууларын өз убагында кароону жана өз компетенцияларынын чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алууну тапшырды.