Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуучулардын стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуучуларды, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнүн программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарды социалдык колдоону жана аларга материалдык дем берүүнү күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
2) «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул Жарлыкты ишке ашырууга зарыл болгон бюджеттик каражаттарды карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-январындагы № 20 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттеринин жана окуучуларынын стипендиясынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.