АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык төрт спортчу көңүл жубатуучу беттештерде күч сынашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Спортчулардын атаандаштары жана салмак категориялары:
60 кг чейин: Кубаныч Аринов Польшадан келген балбан Оливер Скшипчак менен беттешет.
67 кг чейин: Баяман Каримов Армениянын өкүлү Юрик Ховеян менен күч сышат.
72 кг чейин: Ырыскелди Хамзаев биринчи жубатуучу кездешүүдө молдовалык Василе Забица менен кездешет.
82 кг чейин: Эрлан Марс уулу Азимжон Соатуллаев (Өзбекстан) жана Огнен Яковлевич (Сербия) түгөйүнүн жеңүүчүсү менен күрөшөт.
Көңүл жубатуучу беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да башталат. Жеңүүчүлөр коло медаль үчүн беттешүүгө жолдомо алышат.