Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыктарга чакырыктар фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында чет өлкөдөн К.С. аттуу жаран кармалды.
Маалыматка караганда буга чейин шектүү К.С. алдамчылык жол менен, биргелешип ишкерлик жүргүзүү менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатын алган. Бул факты боюнча ал мурда издөөдө жүргөн.
Чет өлкөдө жашап жүрүп К.С. интернет булактарында бийликти басып алууга багытталган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды, ошондой эле митингдерге жана массалык башаламандыктарга чакырыктарды жарыялай баштаган.
Аталган факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш кодексинин 36-беренеси ("Кылмышка аракеттенүү") жана 278-беренесинин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандыктар") боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүү К.С. чет мамлекеттин аймагынан кармалып, Кыргыз Республикасына жеткирилди. Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.