Депутаттар коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен бирге айрым илдеттерге каршы күрөшүү жаатындагы көйгөйлөрдү талкуулады
Новость

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жылдыз Эгембердиева жана Айгүл Ахмедова “Гемодиализ оорулууларынын бирикмеси” жана “Гепатит менен күрөшүү” коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушуп, саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулашты.

Гемодиализ оорулууларынын өкүлдөрү медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү, сеанстарды эсепке алуунун тактыгын камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти.

Алардын айтымында, Башкы прокуратуранын текшерүүлөрүндө каза болгон жана чет өлкөдө жүргөн бейтаптардын атына гемодиализ сеанстарын каттоо, бир аппаратта бир убакта бир нече сеансты көрсөтүү жана документтерге жалган маалыматтарды киргизүү фактылары аныкталган. Муну менен катар коомдук бирикменин өкүлдөрү мындай мыйзам бузуулар дагы деле уланып жатканын билдиришти.

Ошондой эле өкүлдөр бюджеттик гемодиализге которуу боюнча комиссиянын курамынан чыгарылганын айтып, чечимдердин ачыктыгын камсыз кылуу жана гемодиализ эритмелерин сактоо талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө маселелерин көтөрүштү.

Анын ичинен “Гепатит менен күрөшүү” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү клиникалык анализдердин жыйынтыктарынын тактыгына байланыштуу көйгөйлөрдү белгилеп, айрым жарандар жеке лабораторияларга кайрылууга аргасыз болуп жатканын айтышты.

Мындан тышкары, жолугушууда гепатиттин жайылышын алдын алуу, жарандарды эмдөө жана кургак учукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Ошону менен катар гепатитке каршы дары-дармектер жана реагенттер менен камсыздоо, эмдөө боюнча санариптик базаны ишке киргизүүнү тездетүү зарылчылыгы да белгиленди.

Жыйында депутат Жылдыз Эгембердиева медициналык кызматтар эл аралык жана мамлекеттик стандарттарга жооп берип, бейтаптардын коопсуздугу камсыздалышы керектигин белгиледи. Ага ылайык, көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде караларын билдирди.

Ал эми депутат Айгуль Ахмедова көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик органдар менен коомдук бирикмелердин кызматташуусун күчөтүү, медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана бейтаптардын кайрылууларына өз убагында көңүл буруу керектигин кошумчалады.