U-23 Дүйнө чемпионаты: Грек-рим күрөшү боюнча дагы 5 кыргызстандык балбан килемге чыгат
Новость

13-октябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча дагы 5 салмак категориясында беттештер уланат.

Мелдешке чыга турган кыргызстандык балбандар жана алардын атаандаштары:

55 кг чейин: Барсбек Асанкожоев чейрек финалга чыгуу үчүн түркиялык Мухаммет Чакир менен күч сышат.

63 кг чейин: Акыл Сулайманов 1/16 финалда украиналык Артём Лыско менен беттешет.

77 кг чейин: Алибек Бердиев 1/16 финалдык этапта казакстандык Ахжан Ыкылассов менен кездешет.

87 кг чейин: Имур Темирбеков биринчи айлампаны өткөрүп жиберет. Ал чейрек финалга чыгуу үчүн Орхан Хаджиев (Азербайжан) - Фредерик Матиесен (Дания) түгөйүнүн жеңүүчүсү менен килемге чыгат.

130 кг чейин: Мурат Ботоев да биринчи айлампага катышпайт. Ал чейрек финалдык кездешүүдө Аден Аттао (АКШ) - Джавохир Шодияров (Өзбекстан) түгөйүнөн жеңип чыккан балбан менен күрөшөт.

Тандоо беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да башталат.