Залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин бюсту ачылды
Новость

2026-жылдын 13-октябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында III даражадагы "Манас" орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, манасчы жана акын Уркаш Мамбеталиевдин бюстунун ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Табылды Муратбеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси М. Букуев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, Кыргыз Республикасынын эл артисти К. Ниязов, эл жазуучусу А. Джакшылыков  жана залкар манасчынын кызы Г. Мамбеталиева катышты.

Аземде министрдин орун басары Айбек Дайырбеков Уркаш Мамбеталиевдин улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана манасчылык өнөрдү даңазалоого кошкон салымын белгиледи.

Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1962-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында манасчы болуп эмгектенип, 44 жылдык чыгармачылык өмүрүн кыргыз элинин руханий мурасын жайылтууга арнаган. Ал "Манас" эпосун жана элдик дастандарды аткаруу менен бирге, бир катар ыр жыйнактарын да жараткан. Анын эмгеги Кыргыз Республикасынын эл артисти ардактуу наамы жана III даражадагы «Манас» ордени менен бааланган.

Уркаш Мамбеталиевдин бюстун скульптор Тамила Маматова жасаган.

Бюсттун ачылышы залкар инсандын элесин урматтоонун жана улуттук руханий мурасты даңазалоонун белгиси болду. Анын бюсту Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы залкар инсандардын айкелдеринин катарын толуктап, манасчынын кыргыз маданиятына кошкон салымын жана чыгармачылык мурасын эскертип турмакчы.