Мэрия: Бишкекте коомдук транспорттун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө
Новость

Муниципалдык коомдук транспорттун катышуусунда болгон жол-транспорт кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жооптуу кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары укук коргоо органдарына жөнөтүлөт. Эске салсак, жол-транспорт кырсыгы 15-октябрь күнү кечинде Лермонтов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон. Кырсыктын кесепетинен алты жеңил унаа жана № 38 автобус кагылышкан.