Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу боюнча масштабдуу иштер аяктады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой 2025–2026-жылдары Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында 327,7 км чек ара тосмолору орнотулуп, 338,5 км талаа жолдору курулду.
"Иштер бир катар күч түзүмдөрүнүн катышуусунда, анын ичинде тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жүргүзүлдү. Баткен облусунун аймагындагы иштердин аякташы мамлекеттик чек араны кайтаруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууда жана чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.




