Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилеринин санитардык абалы, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү боюнча үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында Талас шаарынын К.Нуржанов көчөсүндө жайгашкан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) 5 кабаттуу жатаканасынын курулуш иштеринде санитардык абал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, “Залкар Биримдик” ЖЧКсына карата бир катар эскертүүлөр берилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, курулуш техникаларынын дөңгөлөктөрүн жуу пункттары жана алардын иштөөсү, убактылуу кирүү жолдорунун талапка ылайык уюштурулушу, ошондой эле топурак жана курулуш материалдарынын жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыгарбоо боюнча белгиленген талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш объектилериндеги шаар куруу мыйзамдарынын жана белгиленген талаптардын сакталышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди улантат.