Президент Садыр Жапаров Арменияга болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн билдирүү жасады
Новость

Бүгүн, 17-октябрда, Ереван шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Армения Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Билдирүүнүн тексти:

“Урматтуу Никол Воваевич,

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,

Биринчи кезекте Армения Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырууңуз үчүн Премьер-министр мырза Сизге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.

Кыргыз делегациясына көрсөткөн жылуу кабыл алууңузду жана меймандостугуңузду жогору баалайм.

Бул сапар Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысынын Арменияга жасаган алгачкы расмий сапары катары тарыхый мааниге ээ.

Анын жыйынтыктары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп ишенем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, армян тарапты Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Лидерлер саммитин ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктайм.

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгууда маанилүү аянтча болду.

Кыргызстан Армения менен өз ара урматтоого жана жемиштүү кызматташууга негизделген достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар.

Акыркы жылдары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы саясий диалог барган сайын жанданып жатканын канааттануу менен белгилейм. 

Урматтуу айымдар жана мырзалар, 

Бүгүн Премьер-министр мырза менен мазмундуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кыргыз-армян мамилелеринин учурдагы абалын жана аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин кеңири талкууладык.

Өлкөлөрүбүздүн ортосунда ачык жана конструктивдүү диалог түзүлгөнү кубандырат.

Быйыл эки тараптуу байланыштар өзгөчө жигердүү болду.

Никол Воваевич Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана «ШКУ плюс» форматындагы мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга бир нече ирет келип кетти.

Бул жолугушуулар өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерге кошумча дем берди.

Биз соода, айыл чарба, транспорт, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турабыз.

Белгиленген бардык багыттар боюнча биргелешкен күч-аракеттерибиз менен конкреттүү натыйжаларга жете аларыбызга ишенем.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн маанилүү жыйынтыктарынын бири – жарандардын сапарлары, пенсиялык камсыздоо, билим берүү, илим жана жеке маалыматтарды коргоо сыяктуу тармактарды камтыган эки тараптуу документтердин олуттуу топтомуна кол коюлушу болду.

Жетишилген макулдашуулар кызматташтыгыбыздын укуктук негизин бекемдеп, эки тараптуу өз ара аракеттенүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем.

Өзгөчө Ысык-Көл менен Севан көлдөрүн сактоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө документти белгилеп кетким келет.

Бул уникалдуу көлдөр жаратылыштын баа жеткис байлыгы гана эмес, элдерибиздин тарыхы, маданияты жана жашоосу менен тыгыз байланышкан улуттук мурасыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Аларды сактоо жана келечек муундарга жеткирүү – биздин жалпы жоопкерчилигибиз. 

Урматтуу Никол Воваевич,

Мазмундуу пикир алмашуу жана кыргыз-армян мамилелерин өнүктүрүүгө жеке көңүл бурганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизди дагы бир жолу Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө, ошондой эле 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырам.

Сизди кыргыз жергесинде кайрадан тосуп алууга кубанычта болобуз.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!”.