Ырчы Шакира Бишкекке келди
Новость

Бишкек шаарына дүйнөлүк эстрада жылдызы Шакира келди.

Ырчыны Президенттин Администрациясынын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жана Президенттин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов тосуп алышты. 

Бүгүн, 18-октябрда саат 19:00дө Бишкек Аренада көптөн күткөн Шакиранын чоң концерти өтөт. Көрүүчүлөрдү дүйнөлүк хит ырлар, унутулгус кеч жана өзгөчө эмоциялар күтөт.