АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында (U-23) эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Юхан Доктурбек уулу күмүш медаль багындырды.
Алтын медаль үчүн өткөн чечүүчү финалдык беттеште кыргыз балбаны америкалык спортчу Бенджамин Адам Давино менен күч сынашты.
Анда беттеш 4:1 эсебинде америкалык балбандын пайдасына аяктап, Юхан Доктурбек уулу Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.