Бишкекте ырчы Шакиранын концерти өттү
Новость

Бүгүн, 18-октябрда Бишкек Аренада дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти өтүп,  көрүүчүлөргө унутулгус эмоцияларды тартуулоодо.

Ырчынын алгач эле элге “Салам, Бишкек! Кандайсыңар?” деп кыргыз тилинде кайрылганы көрүүчүлөр үчүн жагымдуу күтүүсүз учур болду.

Концертти көрүү үчүн Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн да күйөрмандары келишти. Шакиранын ар бир ырына кошулуп ырдаган күйөрмандар Бишкек Аренаны шаңга бөлөп, кеченин көркүн арттырууда. Музыка менен жаркын эмоциялар коштолгон бул кеч көпчүлүктүн эсинде өзгөчө көз ирмем катары сакталары шексиз.