Кыргызстанга картошка импорттоого убактылуу тыюу салынды
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети картошканы өлкө аймагына импорттоого убактылуу тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алды. Буга дыйкандардын кайрылуулары негиз болгон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

"Эрте бышуучу картошканын түшүмүн жыйноо башталгандан бери Кыргыз Республикасынын картошка өндүрүүчүлөрү ата мекендик өндүрүштү коргоо маселесин мамлекеттик деңгээлде бир нече жолу көтөрүп келишти. Албетте, мындай чечимдердин өз убагында кабыл алынышы маанилүү. Ошол эле учурда мамлекеттик чечимдер рыноктун ар тараптуу талдоосуна, өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна негизделиши керек", - деп айтылат маалыматта.