Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу үч социалдык стационардык мекеменин кызмат алуучулары үчүн дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын концертине 50 орун бөлүнгөн. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими жана Президенттин Иш башкармалыгынын колдоосу менен алар музыкалык жаркын иш-чарага катышып, ырчынын өнөрүнө күбө болууга жана майрамдык маанайга ортоктош болууга мүмкүнчүлүк алышты.
Жарандардын жашоо шарттарына жана ден соолугунун абалына карабастан, бардыгы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. «Эч ким артта калбашы керек» деген принцип ар бир адам маданий жана коомдук турмушка катышууга мүмкүнчүлүгү бар инклюзивдүү коомду курууга болгон умтулууну чагылдырат.
Мындай демилгелер социалдык интеграцияга, теңдик принциптерин бекемдөөгө жана маанилүү маданий иш-чаралардын бардыгы үчүн жеткиликтүү болушуна өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.