Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын жаңы расмий сайты ишке кирди
Новость

Мамлекеттик Ипотекалык Компания (МИК) жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү ачык-айкын кылуу максатында өзүнүн жаңы расмий сайтын ишке киргизди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

 Белгилүү болгондой жаңы веб-сайттын дареги - www.gik.gov.kg

Сайттын негизги мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары:

- Жаңыланган интерфейс: Ноутбук, планшет жана смартфондордо колдонууга толугу менен ылайыкташтырылган.

- Программалар тууралуу маалымат: Жарандарды турак жай менен камсыз кылууга багытталган жылдык 4%дан 8%га чейинки ипотекалык программалар тууралуу толук маалымат алууга болот.

- Курулуш объекттери жана өтүнмөлөр: Курулуп жаткан объекттерди көрүү, өтүнмөнүн статусун текшерүү жана суроо-жооп бөлүмдөрү аркылуу керектүү маалыматтарды ыкчам алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

- Аналитика жана статистика: Сайтта катталгандардын саны, бөлүнүп берилген каражаттар, кезекте тургандар жана турак жайлуу болгон жарандардын статистикасы реалдуу убакыт режиминде жаңыланып турат.

Жарандар эми www.gik.gov.kg порталы аркылуу компаниянын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, өздөрүнө керектүү кызматтарды аралыктан пайдалана алышат.