Кыргызстанда 1 300дөн ашык социалдык кызматкер улгайган жарандарга, майыптыгы бар адамдарга жана балдарга жардам көрсөтүүдө
Новость

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жалгыз жашаган улгайган жарандарга жана майыптыгы бар адамдарга үйүндө социалдык кызмат көрсөтүү, ошондой эле балдарды социалдык коштоо боюнча иштерди улантууда.
Бүгүнкү күндө республиканын аймактык башкармалыктарында үйүндө социалдык кызмат көрсөтүүчү 773 социалдык кызматкер эмгектенет. Алар колдоого муктаж 7 027 жаранга кызмат көрсөтүшөт.
Социалдык кызматтарды алуучулардын арасында:
- 4 484 жалгыз жашаган улгайган жаран;
- Майыптыгы бар 2 543 адам бар.
Социалдык кызматкерлер өздөрүнүн камкордугундагы адамдардын жеке муктаждыктарын эске алуу менен жардам көрсөтүшөт. Ар бир адис аймактык башкармалыктын жетекчиси тарабынан бекитилген жеке графикке ылайык кызмат алуучуларга жумасына эки жолудан кем эмес барат. Орточо эсеп менен бир социалдык кызматкерге 8ден 12ге чейин адам туура келет. Социалдык кызматкердин жумалык иш убактысы 40 сааттан ашпайт.
Социалдык колдоого муктаж жарандарды аныктоо жарандардын өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү арыздарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кошуналарынын же жакын туугандарынын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлөт. Мындай ыкма жардамга муктаж адамдарды өз убагында аныктоого жана аларга социалдык кызматтарды уюштурууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен мамлекеттик коргоого муктаж балдарды социалдык коштоо үчүн 550 штаттык бирдик киргизилген. Бул чара турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү өз убагында аныктоого, социалдык жетимдиктин алдын алууга, зомбулуктун алдын алууга жана балдардын укуктарын коргоого багытталган.
Министрлик калкты социалдык жактан колдоо системасын өнүктүрүү, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга жардам көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштерди улантууда.