Кыргызстандык дзюдочу Айбийке Уланбек кызы Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия Пара оюндарында алтын медалдын ээси болду.
Ал 52 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, жарым финалда япониялык Юуй Фуживараны 1:0 эсебинде жеңген.
Финалдык беттеште Индиянын өкүлү Кокиланы 1:0 эсебинде утуп, Пара Азия оюндарынын чемпиону аталды.
Мелдештер 24-октябрга чейин уланат.